• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов: Каатчылыкка байланыштуу 5 млрд сом бюджетке түшпөй калды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Каатчылыкка байланыштуу 5 млрд сом бюджетке түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Пландалган бюджетке карата салыктан 1,5 млрд. сом, бажыдан 3,8 млрд. сом казынага түшпөй калды. Ага ылайык, экономикалык абалды турукташтыруу багытында Премьер-министрдин буйругу менен атайын республикалык штаб түзүлгөн. Учурда каатчылыктын кесепеттерин азайтуу, нарк саясатын көзөмөлдөө иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Муну менен катар ишкерлерди колдоо багытында атайын программа да иштелип чыкты” – деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле учурда тамак-аш толук жетиштүү экенин айткан Кубатбек Боронов: “Анын ичинен калктын аярлуу катмарын күнүмдүк керектүүчү азык-түлүк менен камсыздоо улантылууда. Өлкөдө жардамга муктаж 96 миң үй-бүлө катталса, 78 миң жаран расмий түрдө жумушсуз статусуна ээ. Бүгүнкү күндө 80 миңден ашуун үй-бүлөгөн мамлекеттик резервдин эсебинен жардам берилди. Ал эми Бишкектин айланасындагы жана Чүй облусунун аймагындагы расмий статусу жок жаңы конуштардын жөлөк пул албаган, учурда иши жок олтуруп калган тургундарына да 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер таратып берүү чечими кабыл алынды. Мындай жардамдар өзгөчө абал киргизилген башка район-шаарларда да жигердүү көрсөтүлүүдө”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары, коммуналдык төлөмдөрдү төлөөнү үч айга узартуу, төлөнбөгөн учур үчүн туум жана айып пулдарды чегербөө чечимдери кабыл алынганы айтылды.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий