• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов Кемин, Ысык-Ата райондорундагы дарыялардын суу агымы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата райондорундагы дарыялардын суу агымы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбека Бороновго «Чүй айланма каналы» Кемин жана Чүй райондорунун аймагынан Чу дарыясынан өтөөрүн маалымдады. Канал бетондон жасалып, жерлерди суу менен камсыздоону жогорулатууга арналган.

Чыгыш Чоң Чүй каналы менен таанышуу учурунда канал вегетациялык мезгилде гана иштээри, каналга сугат мезгилинде маани берилээри белгилүү болду. Чоң Чүй каналынан Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн райондоруна, ошондой эле Бишкек шаарына сугат суулары берилет жана ошондой эле Батыш ЧЧКсына жана «Ташты кайра иштетүүчү» Токмок заводуна «Айланма» каналы аркылуу суу толукталат. Бишкек жылуулук борборуна суу зарыл болгон учурда «Айланма» каналынан берилет.

Чүй өрөөнүнүн чок ортосу Бишкектин борборунан Батыш чоң Чүй каналы өтөт. Аламүдүн дарыясындагы суу түйүндөрү айылчарбасына гана колдонулбастан, Бишкек шаарынын өндүрүштүк керектөөлөрүнө жана ошондой эле гидроэнергетикалык мааниде колдонулат.

Мындан сырткары, биринчи-вице-премьер Ысык-Ата бассейининин декадалык жөнгө салуусу менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө Чүй областындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн интенсивдүү сугаруу учуру белгиленген.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 2019-жылдын вегетациялык мезгилинде Чу-Кочкор гидропосту боюнча Орто-Токой суу сактагычына суунун келиши 90% норманы түзөт, Чоң-Кемин дарыясы боюнча – 81%.

Июнь айынын үчүнчү декадасында түнкү температуранын төмөн болушунан улам, Чүй областындагы тоо дарыяларында мурунку жылдарга салыштырмалуу 10-40% суу төмөн болгондугу байкалган. 27-июндан кийин суу көбөйө баштаган.

Жайыл жана Москва райондорунда сугат суулары менен камсыздоо боюнча оорлошууда. Тоо дарыяларында суунун төмөндөгөнүнө байланыштуу, негизги каналдар Чыгыш жана Батыш Чоң Чүй каналына, ошондой эле сугат сууларын колдонуучулар арасында суу иштетүүгө чектөө киргизилди.

Буга байланыштуу Кубатбек Боронов фермерлерди жана дыйкандарды толук көлөмдө сугат суулары менен камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий