• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов: Өкмөт кен иштетүүчү объекттердин ишмердүүлүгү маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармайт

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Левобережный кенинде өткөн көчмө жыйынына катышты.

Бул жыйында каралган негизги маселелер Талды-Булак Левобережный кенин иштеткен «Алтынкен» ЖЧК алтын иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү.

Кеңешменин алкагында экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө ишкананын өндүрүш процесси, жумушчулардын эмгек жана жашоо шарттары тааныштырылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Талды-Булак Левобережный кенинде компаниянын өндүрүштүк планын ишке ашыруу учурунда бардык экологиялык жана техникалык ченемдерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында бул сыяктуу ишканалардын ишмердүүлүгүн кен объекти жайгашкан аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө аракеттештирүү багытына бурууну көздөйбүз. Кыска мөөнөттүн ичинде биз натыйжалуу жыйынтыктарга жетишкенибизди белгилеп кетким келет. Мисалы, эки жыл мурда алтын өндүрүүчү ишкананын жумушчуларынын айлык акысы 8-10 миң сом өлчөмүндө болсо, бүгүнкү күнү мында орточо айлык киреше салык жана социалдык чегерүүлөрдү эске алганда 40 миң сомдон жогору», - деп белгиледи ал.

Кубатбек Боронов эске салгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Centerra Gold Inc.» ортосундагы Стратегиялык келишимдин алкагында Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлгөн. Анын айтымында, эми «Алтынкен» ЖЧКсы ушул мисалды жолдоп, бул өңдүү фонддорду түзүүнү колдоп жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса көрсөткөндөй, компания өзүнө алган социалдык милдеттемелерин активдүү аткарып келет. Алсак, «Кемин келечеги» коомдук фонду түзүлгөндөн тартып «Алтынкен» ЖЧК райондун инфратүзүмдүк базасын, медицинасын жакшыртууга, курулуш иштерине дээрлик 2 млн АКШ долларын которгон.

«Өкмөт кен иштетүүчү объекттердин ишмердүүлүгү маселесин ар дайым өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Муну менен бирге биз экономиканын ар кыл тармактарына өз каражаттарын салууну каалаган инвесторлорду колдошубуз керек. Мамлекет жана инвестор каршылаш же атаандаш эмес, өнөктөш болууга тийиш», - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ошондой эле учурда алтын концентратын ташуу маселесин чечүү боюнча иштер жүрүп, концентраттын курамын аныктоо боюнча лабораториянын ишин жандандыруу маселеси иштелип жатканын билдирди.

Маалымдама: «Алтынкен» ЖЧК 2006-жылы катталган. Коомдун катышуучусу кытайлык «Суперб Пасифик Лимитед» гонконг компаниясы, ал 60% үлүшкө ээ. Анын башкы компаниясы кытайлык «Цзыцзинь Майнинг» кен корпорациясы болуп саналат. Экинчи катышуучусу ишкананын уставдык капиталында 40% үлүшү бар «Кыргызалтын» ААКсы.

Бүгүнкү күнү ишканада 1500 миңден ашуун кызматкер иштейт, алардын 95% Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышат. 2018-жылы кенде 3226 кг алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктык, бажылык жана башка төлөмдөр боюнча чегерүүлөр 4 млрд сомдун тегерегин түзгөн. 2019-жылы 3800 кг алтын өндүрүү пландалууда. Дүң киреше 12 млрд сомду түзөт. Ошол эле учурда салыктык түшүүлөр 13 млрд сомду түзөрү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий