• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Өкмөт өлкөдө эпидабалды туруктуу кармап туруу боюнча болгон күч-аракетти жумшоодо

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Өкмөт эпидемиологиялык абалды туруктуу кармап туруу боюнча болгон күч-аракетти жумшоодо. Бул туурасында брифингде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

«Коронавирус пандемиясына байланыштуу биздин өлкөдө жалпы статистика 46 841ге жетти. Жаңы учурлардын саны күндөн-күнгө көбүрөөк катталып жатканын көрүп жатасыздар. Бүгүн жалпы 172 оорулуу катталса, анын ичинен коронавируска чалдыккандардын саны – 112, пневмонияга кабылгандар – 60. Бул сандарды коркутуу үчүн эмес, эпидемиологиялык кырдаал көңүлдөн тышкары калбаса экен деген ойдо берип жатабыз. Бул кырдаал бизди өтө кооптондурууда. Ошол эле мезгилде оору мындан ары да сезондуу грипп жана курч респиратордук оорулардын айынан коронавируска байланышкан эпидемиялык кырдаал күчөй турган болсо, анда баарыңыздарды дүрбөлөңгө алдырбоого чакырам. Ооруга чалдыккан жарандар коом алдындагы жоопкерчиликти сезип, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды карманышы керек», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр белгилегендей, пандемиянын биринчи толкуну учурунда азык-түлүк, дары-дармектер боюнча маселе жаралып, дары-дармектердин тартыштыгы, баанын спекулятивдик көтөрүлүшү, эл арасында дарыларды зарылдыгына карабастан ашыкча сатып алуу көйгөйлөрү байкалган.

«Азыркы эпидемиялык кырдаалда ушул нерсенин кайталанышына жол бербешибиз керек. Урматтуу мекендештер, сиздерден дүрбөлөңгө алдырбоону суранабыз! Дары-дармектердин камсыздалышы боюнча айтсак, бүгүнкү күндө тийиштүү дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыздоо процесси жөнгө коюлган. Мамлекет тарабынан 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалууда. Ал эми ооруканалардын салынышы, алардын жабдуулар менен жабдылышы толук кандуу жүрүүдө. Баарыбызды биргелешип иш кылууга чакырам, эпидемиологиялык абалды туруктуу кармап турууда болгон күчтү бириктирип, аны жеңип чыгуубуз керек», - деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий