• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Өкмөт экономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Өкмөт кыйынчылыктарга карабастан өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Учурда ар бир өлкө кыйын кырдаалды башынан өткөрүүдө. Дүйнө глобалдык репрессияга туш болду. Бардык коңшу мамлекеттердей эле, экономикага биринчи сокку урду. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча экономикалык жигердүүлүк 5,3% төмөндөдү. Бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизди. Биз бюджетти 5% дефицит менен кабыл алууга аргасыз болдук. Бирок мамлекеттик органдардын активдүү иш аракеттеринин натыйжасында кырдаалды жакшыртууга шарт түзүлдү. Мисалы, июль айындагы салык чогултуунун көрсөткүчү 10% көбөйдү. Бирок алдыбызда талыкпаган жана ыкчам аракетти талап кылган чоң милдеттер турат. Биздин экономика туш болгон абалдын кайталанышына жол бербешибиз керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы кабыл алынган чаралар экономикалык көрсөткүчтөрдүн минималдуу төмөндөшүнө жол бербөөгө шарт түзгөнүн билдирди.

«Биз бизнеске жеңил болуусу үчүн бир катар чараларды кабыл алдык. Бул ишкерликти этап-этап менен жандандыруу, салык жана башка төлөмдөрдүн төлөө мөөнөтүн жана, салыктык текшерүүлөргө мониторинг жүргүзүүнү жылдыруу. Мындан тышкары ишкерлерди колдоо программасы иштелип чыкты. Бул максаттарга 14 млрд сом бөлүндү. Ишкерлер бизнес ачуу же ишин жандыруу үчүн жеңилдетилген насыя алса болот. Ушул жана башка чаралар экономикалык өсүштүн басаңдашына жол берген жок», - деп белгиледи премьер-министр.

Ошону менен бирге калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүлдү.

«Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери учурунда кыйын жагдайда калган көпчүлүк үй-бүлөлөр зарыл азык-түлүк менен камсыздалды. 900 миңге жакын үй-бүлөгө жардам берилди. Мындан тышкары биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын 11 түрүнө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилип, дары каражаттарынан КНС алып салынды», - деп улантты Кубатбек Боронов.

Премьер-министр баса белгилегендей, бүгүнкү күндөгү башкы милдеттердин бири - жумушсуздукту кыскартуу болуп саналат.

«Биз коюлган максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу иштерин улантууга тийишпиз», - деп жыйынтыктады өкмөт башчы Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий