• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Өкмөт сырттан жарандарды алып келүү боюнча аракеттерди көрүп жатат

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстан чет мамлекеттердеги жарандарын эмне себептен кабыл албай жатат? Бул суроо бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда өкмөт өкүлдөрүнө берилди.

Белгилүү болгондой ушул тапта обсервация үчүн 11 миңден ашык орун даярдалган.

Эгер мигранттарды алып келүүгө өкмөт даяр болсо, анда эмне себептен мекендештер кабыл алынбай жатат деген маселени бир катар депутаттар кабыргасынан койду. Эл өкүлдөрү башка өлкөлөр Кыргызстандын жарандарын учуруп жиберүүгө макулдук берген, бирок маселе кыргыз өкмөтүндө болуп, жарандык авиация бортту кабыл албай жатканын белгилешти.

Депутат Жылдыз Мусабекова Түркияда 400 жараныбыз бир айдан бери келе албай жатканын айтты.

“Алардын арасында онкологиялык оорулуулар бар, алар дарылануу үчүн барышкан. Азыркы учурда Түркияда да абал оорлоп кетти. Алар бизге айла жоктон көчөдө калышканын жазып жатышат. Акчалары түгөнүп, ичээрге суу таппай калгандары да бар. Туугандары жол кире чыгымдарынын баарын өзүбүз төлөп берели, чартердик каттам уюштуруп бергиле деп суранышууда. Эмне маселе болуп жатат? Так жооп бериңизчи”, - деп суроо койду эл өкүлү Жылдыз Мусабекова. Ошондой эле депутат Исхак Пирматов Новосибирскден, Дубайдан келе албай жаткан жарандарыбыздын да абалы оор экенин билдирип, алар эмне себептен мекенине келе албай жатканына түшүндүрмө талап кылды. “Транспорт министрлиги же башкалар, чет мамлекеттердеги аэропорттор менен сүйлөшпөй жатат. Маселен, чет жактагы жарандарыбыздын айтымында бүгүн эле Дубайдан Казакстанга 2 учак учурулган. Демек Дубайдын аэропорту ачык. Силер ачык, так жооп берип койгула”, - деди.

Бирок, Өкмөт өкүлдөрү бардык мамлекеттерде аба мейкиндигинде учуулар токтотулуп, чек ара жабылганына байланыштуу чет жактагы мекендештерди алып келүү мүмкүнчүлүгү болбой жатканын жүйө келтиришти. Өзгөчө абал киргенден бери Бишкекке 17 чартердик рейс, Ошко 11 чартердик рейс аткарылып, 5000ден ашык жаран алынып келингени маалым болду. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт жарандарды алып келүү боюнча аракеттерди көрүп жатканын айтып, аталган маселе боюнча толук маалымат берерин кошумчалады.

Алсак, азыркы тапта чет өлкөлөрдөн 4371 Кыргызстандын жараны мекенине келүү үчүн жардам сурап кайрылган. Бирок, алардын саны күн санап өсүүдө.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралды. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий