• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боронов өкмөттүн экономиканы фискалдаштыруу боюнча пландалган иш-чаралары тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн негизи түптөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында айтты.

«Үч компонент каралган. Биринчиси – 2020-жылдан тартып төмөнкү салыктык процедураларды фискалдаштыруунун компоненттери ишке киргизилет: электрондук эсеп-фактуралары, виртуалдык контролдук-кассалык машиналар, май куюучу станцияларга эсепке алуунун автоматташтырылган системасын милдеттүү түрдө колдонуу, алкоголдук жана тамеки продукцияларына санариптик маркировканы милдеттүү түрдө киргизүү. Экинчиси – бажы системасында конкреттүү кирешелерди легалдаштыруу боюнча иштерди баштаганбыз, кирген-чыккан товардын так учетун жүргүзүү, аткезчиликти кыскартуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Анын алкагында ишкерлерге карата жалпы салыктык жүк басаңдайт. Бизнес үчүн КНСтин босогосун аныктоодо: ички рынокто иштеген ишкерлер үчүн КНС ыктыярдуу негизди киргизилет. Ошол эле учурда экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзгөн компаниялар үчүн КНС тартиптери бир топ жөнөкөйлөштүрүлөт. Салык режимдеринин түрлөрү кыскартылып, Бирдиктүү салыкты колдонуу тажрыйбасы киргизилет. Анда: киреше салыгы, сатуу салыгы, ички соодага кошумча нарк салыгынын жана башка салыктардын түрлөрү алмаштырылат», – деди Кубатбек Боронов.

Ал кошумчалагандай, ишкерлерге адилеттүү социалдык салыктык жүктү жана камсыздандыруу тарифтери түзүлбөсө, аларды көмүскө экономикадан чыгаруу мүмкүн эмес.

«2020-жылдын башында биз чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүүнү максат кылып койгонбуз. Бүгүн биз бул жетишсиз экендигин түшүнүп жатабыз. Буга байланыштуу радикалдуу чараларга баруу керек», – деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий