• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов конференциянын жүрүшүндө сыртка чыгып жаткан аткаминерлерди сынга алды

Коом 0

Бишкек. 28.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу коференциянын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сыртка чыгып жаткан чиновниктерди сынга алды.

Боронов залда отурган чиновниктерге карап, бул жерде спикерлер сиздер үчүн сөз сүйлөп жатса, силер эшикке чыгып кетип жатасыңар. Кичине сүйлөп жаткан адамды сыйлабайсыңарбы, деди.

“Карагылачы залдын жарымы бошоп калды. Кечээ зал толуп турган. Булардын баары силерге пайдалуу маалымат берүү үчүн ушул жерге убакытын коротуп келип жатышат. Ушул жасалган презентациялардын баардыгы аймактарды кантип өнүктүрүү керек, кандай иштер жасалып жатат жана кандай реформалар жасалышы керек деген маалыматты берип жатышат. Силерге бул кереги жок болсо, анда буларга такыр эле кереги жок. Анткени сүйлөп жаткан спикерлер баарын билишет. Кичине өзүңөрдү жана бул жердеги элди сыйлабайсынарбы”, - деди.

Вице-премьердин айтуусу боюнча, пайдалуу маалыматты бекер алуу мүмкүнчүлүк болуп жатканда угуп, аны иш жүзүндө колдонуу керек.

Пикир

Оставить комментарий