• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: “Коопсуз шаар” долбооруна 2 млрд. 320 млн. сом жумшалат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан кезектеги жыйынында ушул жылдын 28-ноябрында башталган Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматын угуу жол-жоболору улантылууда. Жыйынга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Сынактын жыйынтыгында россиялык “Вега” компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткарууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду же алдынала болжолдогондон 230 млн сомго арзан түштү. “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт.”, - деди Кубатбек Боронов.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы. Мындай чаралар жол кырсыктарын кыйла азайтууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотула турганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 7 жылдан бери ишке ашырылбай келет. Өткөн жылы өлкө аймагында 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий