• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов курулуш тармагында чечүү зарыл болгон негизги маселелерди белгиледи

Коом 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов курулуш тармагындагы уруксат берүү процедураларын оптимизациялоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Регулятивдик реформа кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүүкеңешинин курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актыларды оптимизациялоо маселелери боюнча чечимдеринаткаруу талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишкекиргизилген регулятивдик реформанын алкагында ЕККУ менен биргеликте ишкерликти жөнгө салган жана агакарата сунуштарды иштеп чыккан ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ири иштер жасалган.

«Долбоордун негизги максаты – учурдагы тоскоолдуктарды аныктоо, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана кайталоолорду четтетүү, коррупциялык тобокелдиктердин тамырын кыркуу болуп саналат. Курулуш тармагындагыченемдик укуктук базаны оптимизациялоо бизнести жүргүзүү жана бул тармакка инвестицияларды тартуушарттарын жакшыртууга шарт түзөт», - деп баса көрсөттү Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары курулуш тармагындагы актуалдуу маселелердин арасында кеңешменин катышуучуларытарабынан үлүштүк курулуш боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселеси каралды.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актыларды оптимизациялоо иштерин тездетүүнүмилдеттендирди. Ошону менен бирге КЧжЭлерди актуалдаштыруу, автоматташтыруу жана «Бирдиктүү терезе»принциптерин киргизүү жолу менен курулушка уруксат кагаздарын берүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүүсунуштарын киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий