• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Куткаруучулар өздөрүнүн ыкчамдыгын жана чечкиндүүлүгүн иш жүзүндө бир нече жолу далилдешти

Өкмөт 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов куткаруучуларды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу куткаруучулар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Акыркы жылдардын талдоосу көрсөткөндөй жыл өткөн сайын өзгөчө кырдаалдардын саны өсүп барат. Ошого байланыштуу алардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча милдеттердин саны дагы көбөйүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик кырсыктардан коргоо боюнча оор жана чоң милдетти аткарып келишет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарыхында чыныгы баатырдыктын, эрдиктин, өз ишине жан-дили менен берилгендиктин үлгүсү болгон мисалдар арбын кездешет. Биздин куткаруучулар өздөрүнүн компетенттүүлүгүн, ыкчамдыгын жана чечкиндүүлүгүн иш жүзүндө бир нече жолу далилдешти.

Аба-ырайынын оор шартына жана кайсыл жерде жайгашкандыгына жана кайсыл убакыт экендигине карабастан Сиздер кырсыкка учураган адамдарга жардамга келүүгө даярсыздар жана аларды куткарып калууга болгон күч-аракетиңиздерди жумшайсыздар.

Мындай оор иштин башкы натыйжасы – бул Сиздер тарабынан сакталып калган миңдеген адам өмүрлөрү, өзгөчө кырдаалдардан куткаруу, кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери, сакталып калган турак үйлөр, айыл-чарба жерлери жана социалдык обьекттер, ондогон гуманитардык операциялар. Мындай кайратман асыл кесип ээлери менен биз баарыбыз сыймыктанабыз. Мекенге кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөткөн бул милдеттин ары жагында адам өмүрү үчүн күрөшүү деген ыйык парз турат.

Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга үй-бүлөлүк бакыт, бакубатчылык жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм! Майрамыңыздар менен!».

Пикир

Оставить комментарий