• 79.5
  • 84.64
  • 1.3

Боронов: Кыргызстан экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү кеңейтүү үчүн бардык мүмкүндүктөргө ээ

Экономика 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Кыргызстан экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү кеңейтүү үчүн бардык мүмкүндүктөргө ээ. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Ысык-Көл 2019» «Санариптик Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү келечеги» VI эл аралык экономикалык форумунда айтты.

«Ысык-Көл форуму экономиканы өнүктүрүү маселелерин, анын тенденцияларын жана келечегин талкуулоо үчүн жылдан жылга өлкөдөгү эң ири аянтча болуп калууда. Биздин иш-чаранын башкы темасына өтүп жатып белгилей кетсем, 2019-жыл Президенттин Жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыяланган. Ага ылайык аймактарды өнүктүрүүгө жана коомчулуктун күнүмдүк жашоосуна жаңы технологияларды киргизүүгө зор көңүл бурулууда. Бул жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарында социалдык-экономикалык өнүгүүгө татыктуу салым кошот деп эсептейбиз», - деди өз сөзүндө Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, Өкмөт мүмкүндүктөрдү кеңейтип, Евразия экономикалык биримдиги, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму жана башка интеграциялык биримдиктер менен биргеликте атамекендик жана чет элдик бизнеске келечектүү рынокторго жол ачууда.

«Биз бизнеске, келечектүү жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун кеңири мүмкүндүктөрүн ачууга багытталган конструктивдүү диалог түзүүгө өзгөчө маани беребиз. Кыргыз Республикасынын аймактарында инвестицияларды жана маалыматтык технологияларды илгерилетүү аркылуу аймактык өнүгүү шексиз түрдө тиешелүү деңгээлде көтөрүлүп, күттүрбөстөн натыйжаларды берет. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ички жана тышкы инвесторлор үчүн ылайыктуу мыйзам базасын түзүү жаатында бир катар демилгелер ишке ашырылды», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Ал эске салгандай, Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке караштуу өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлгөн. Ошону менен бирге бизнести көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган тарабынан негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу максатында эки жылдык (2019–2020-жж.) мораторий жарыяланды, ошондой эле ишкерлерди коргоо боюнча бизнес-омбудсмен институту түзүлдү. Бүгүнкү күнү маанилүү дагы бир нерсе, 2018-жылга салыштырмалуу ишкерлик субъекттерин текшерүүлөр 88% кыскарган.

Жергиликтүү бийлик органдарынын – өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, акимдердин жана айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүн баалоо критерийлерине ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу жана өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо боюнча кошумча баалоо индикаторлору киргизилген.

Ал гана эмес, экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өбөлгөлөө зарылдыгын эске алуу менен салык мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жергиликтүү ишканалар үчүн жеңилдик катары кошумча нарк салыгы 80 пайызга чейин кыскартылган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир нече чара көрүлдү. Жүргүзүлгөн чаралар ишкерлер үчүн жаңы өндүрүш объекттерин ишке киргизүүдө, жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүдө кошумча колдоо катары кызмат өтөйт.

Экономиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында продукцияларды сертификациялоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялык база түзүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл борборунда экендигине басым жасады. Бул багытта үзгүлтүксүз иш жүргүзүлөт.

Кыргызстан 2018-2040-жылдарга карата мамлекетти өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына кирген Санариптик трансформациялоо концепциясын ийгиликтүү ишке ашырып жатканын белгилеп кетүү керек. Бул багытта шайлоо тутумун санариптештирүү, мамлекеттик органдарды «Түндүк» бирдиктүү тутумунун алдында интеграциялоо жана өз ара аракеттенүүдө белгилүү бир ийгиликтер бар. Ал гана эмес, мамлекеттик органдардын айрым кызматтары санариптик форматка келтирилип, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында Интернет аркылуу жеткиликтүү. Экономиканы санариптештирүү биздин өлкөнүн күчтүү тараптарынын позициясында ишке ашырылууда жана атамекендик санариптик инновацияларды жана эл аралык технологиялык трансферди, тармактык санариптик транформациялоону, айыл чарбаны санариптештирүүнү өбөлгөлөө, инновацияларга жана жеңил өнөр жайга дем берүү, ошондой эле туризмди санариптик трансформациялоо максаттары бар.

Пикир

Оставить комментарий