• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боронов: Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтуудан алысмын

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтуудан алысмын. Себеби бизде чечилбей жаткан дагы бир маселе бар. Бул - элдин арасында оорусу билинбей өтүп жаткандар жана оорусун жашырып койгондор бар. Республика аймагындагы 114 калк жашаган аймакта коронавирустун очогу бар деп эсептеп чыктык. Учурда мобилдик топ алардын баардыгын кыдырып, ар бир жаранга жолугуп, алардын абалын билүүгө аракет жасап жатат, - деп баса белгиледи өкмөт үйүндө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал маалымдагандай, ошондой жарандар калып калган болсо, кайрадан ооруну жайылтууга себепкер болот.

"Ошондуктан бүгүнкү күндө эпидемиянын туу чокусуна жеттик деп айтуу кыйын. Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасынын негизинде эсептен чыккан эсептөөлөрүбүз туура чыгууда. 30-апрелге чейин биздин республикада 770 оорулу болот деп божомолдогонбуз. Анын 60% бүгүнкү күндө айыгып чыкты. 29-апрелге карата 729 адам коронавирус жуктурган. Демек, өлкөдөгү инфекциянын жайылышын бир топ көзөмөлдөй алдык десек болот", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 29-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ге жетти. Алардын ичинен 191и медицина кызматкери. Илдеттен 437 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий