• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов: Кыргызстанда 28 миңдей жаран үй карантинде болууда, айрымдары талаптарды аткарбай жатат

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 28 миңдей жаран үй карантинде болууда, айрымдары талаптарды аткарбай жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, айрым жарандар тыюуларга карабай көчөгө чыгып жатат. Аларга протокол түзүлүп, материалдары сотко берилди.

"Үй карантинин бузгандарга 3 миңден 30-60 миң сомго чейин айыппул салынат", - дейт Боронов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1002ге жетти. Алардын ичинен 232си медицина кызматкери. Илдеттен 675 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-майда саат 24:00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.

Пикир

Оставить комментарий