• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов Кыргызстанда жүргөн Кытай жарандары боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн өкмөттө өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда жүргөн Кытай жарандары боюнча маалымат берди.

Анын айтуусунда, бул жылы Кыргызстан менен Кытай дипломатиялык кызматташтыктын 20 жылдык мааракеси белгиленет.

Ал белгилегендей, Кытай тараптан Кыргызстанга өлкөнүн жарандарынын жашоо шартын жакшыртуу жана жолдорду куруу үчүн 2,1 млрд доллар көлөмүндөгү кредит жана гранттык каражат берилген.

Бизде өлкөдө 397 Кытай мекемеси жана 187 биргелешкен кыргыз-кытай ишкана иштейт. Алардын эң негизги багыты – азыктарды кайра иштетип чыгаруу", - дейт Боронов.

Ал белгилегендей, мамлекеттик чек-ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылга карата өлкөдөгү Кытай жарандарынын саны 35 миң 215 түзгөн. Бул 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнөн бир кыйла төмөн (2017-жылы 41 миң 307 адамды түзгөн).

"Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, былтыркы жылы Кыргызстанда 24 миң 836 Кытай жараны катталган. 2010 – 2018-жылга чейин 286 кытайлык Кыргызстандын жарандыгын алган", - дейт биринчи вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий