• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Кыргызстандын 102 ишканасы өз өнүмдөрүн сыртка алып чыгууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. 2019-жылы ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын 66 ишканасы гана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алды. Азыр ал тизмеге дагы 36 ишкана кошулуп, ушу тапта 102 компания өз өнүмдөрүн сыртка алып чыгууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди.

«2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат каралган: республикалык бюджеттен – 550 млн сом, капиталдык салымдардан – 671 млн сом. Ошентип, өткөн жылы сугат суусунун тартыштыгы Чүй облусунан башка аймактарда анчалык сезилген жок. Суу көлөмүнүн аздыгына байланыштуу Чүй аймагында сугат суусу каат болду», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий