• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов Кыргызстандын айрым жерлеринде өзгөчө абал эмнеге алына тургандыгын айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын айрым жерлеринде өзгөчө абал тартиби эмнеге алына тургандыгы тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйында өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал алынды, анын себеби эмнеде деген суроо узатылды.

"Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абалды алып салуу сунушталды, бирок өлкө аймагында өзгөчө кырдаал сактала берет. Ал алынган жок. Айрым жерлерде өзгөчө абалдын алынганы тууралуу айтсак, биринчи өлкө экономикасы токтоп калды. Экинчиден ал жердеги эпидемиолгиялык кырдаал мурункудан жакшырды. Ошондуктан ал жактан өзгөчө абалды алып салууга болот деген сунушту бердик", - деп ал, мындай чечим ал аймактардагы жазгы талаа иштерине да байланыштуу экенин айтып өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылса, калган аймактарда өзгөчө абал тартиби алынууда.

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий