• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Кышка даярдык көрүү график боюнча жүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында Өкмөттүн экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалыматы угулуп жатканда, бир катар депутаттар жылуулук берүүгө даярдык көрүү жаатында кайсы маселелер боюнча графиктен артта калуулар бар экенине кызыгышты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, кышка даярдык көрүү иштеринин баары алдынала белгиленген график боюнча жүрүүдө. «Бир гана Ош ЖЭБине 15 миӊ тонна мазут сатып алууга тендер өткөрүлө элек. Жакын арада тендер өтөт. Азырынча 4 миӊ тонна мазут бар», - деди ал.

Депутат Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБине шабыркүл көмүрүн сатып алууга жарыяланган тендердин жеӊүүчүсү аныкталган-аныкталбаганына кызыкты. «Тендерде кайсы компания жеӊди, деги, анын аты-жөнү барбы? Эгерде суу агымы быйылкыдай аз болсо, келерки жылы суу тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, азыртан суу камын көрө башташ керек», - деди ал.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров майнинг компаниялары менен биткоинге уруксат берилген-берилбегенин тактады. «Мындай компаниялар өтө көп экен, тийиштүү чара көрбөйсүӊөрбү», - деп кошумчалады ал.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров мыйзамда «майнинг» деген түшүнүктүн жок экенин билдирди. «Биз электр энергиясын атайын майнинг компаниялары үчүн бербейбиз. Кыргызстанда электр энергиясы арзан, ошондон улам майнинг компаниялары келип жатат. Жакында 136 МВт электр энергиясын пайдаланган ушундай 45 компания жабылды. Алар үч облустун керектөөсүнө ашык энергия коротот экен», - деген жообун берди.

Пикир

Оставить комментарий