• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Боронов: Өлкөдө бала бакчалар 1-июндан баштап иштөөсү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Өлкөдө бала бакчалар 1-июндан баштап иштөөсү күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебейт, анткени ооруну жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору.

"Бала бакчалардын ачылышы 1-июнга жылдырылды, эгерде эпидемиологиялык кырдаал турукташса, анда аларга иштегенге уруксат берилет", - дейт Боронов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243кө жетти. Алардын ичинен 257си медицина кызматкери. Илдеттен 898 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий