• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов өлкөдөгү жеке коргонуучу каражаттардын саны тууралуу маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү жеке коргонуучу каражаттардын саны тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын саны жетиштүү.

"Биздин медицина кызматкерлер, негизи эле коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган мамлекеттик кызматтардын баары жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон. Бир жолу кийилүүчү коргоочу костюмдардын саны 90 миң 617ни, көп жол кийилүүчү коргоочу костюмдардын саны – 22 миң 303, респираторлор – 131 миң 770 жана беткаптардын саны 1 млн 451 миң 48ди түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий