• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов: Өлкө электр энергиясы жана отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат

Өкмөт 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык тармактардын жана калктын алдыдагы күз, кыш айларындагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселесин өзгөчө катуу көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жума сайын өтүүчү брифингде билдирди.

Ал электр энергиясы, көмүр жана мазут менен үзгүлтүксүз камсыз кылынарын белгиледи.

«Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгонуна карабастан, жарык менен камсыз кылууда маселе болбойт. Учурда көмүр ташып келүү боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлууда», - деди Өкмөт башчы.

2020-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо уюмдары үчүн 1,395 миң тонна көмүр алуу боюнча тендер өткөрдү, учурда ар бир аймак үчүн келишимдер даярдалууда.

Бишкек ЖЭБине импорт көмүр алуу үчүн тендер 12-августта өткөрүлөт, ал эми мазут үчүн тендердик арыздар 11-августта алына баштайт. Ошол эле учурда Бишкек ЖЭБине жыл сайын берилүүчү ата мекендик көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү саясаты жүргүзүлүүдө. Жалпысынан көмүр сатып алуу процесси бекитилген графиктин негизинде ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий