• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Өлкөнүн эпидемиологиялык абалын жакшыртуу үчүн заманбап ооруканалардын орду чоң

Өкмөт 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

263 орундук медициналык мекеме 2019-жылы пайдаланууга берилген. Клиникалык ооруканага Кытай Эл Республикасы 14 даана заманбап медициналык жабдуу берүүнү пландаган. Учурда аларды коюу үчүн атайын имарат талап кылынат.

«Клиникалык ооруканага КТ, МРТ жана рентген аппараттарын коюу шарт. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу илдетти так жана тез аныктоо үчүн мындай ооруканалардын жана медициналык жабдуулардын иштеп турушу маанилүү. Кошумча имаратты жеңил конструкциядан салуу жагын караштырып көргүлө. Бирок ошол эле учурда кышкысын жылуу болгондой болуш керек», - деди Премьер-министр

Ошондой эле Өкмөт башчы Ош шаарындагы «Кыргыз Унаа Курулуш» заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана электробустар менен ГЭСке керектүү жабдууларды чыгарууга адистешкен. Мындан тышкары өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды - ИВЛ чыгаруу пландалган. Сыноо үчүн бирөө жасалды.

Кубатбек Боронов медициналык жабдууну тез арада Бишкек шаарына жиберип, адистердин сыноосунан өткөрүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий