• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Мамкаттоо кызматы ар бир жарандын жашоосуна катышкан уникалдуу орган

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттык иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир жаранды коштоп, туулгандан тартып, көз жумганга чейинки маалыматты сактап, документтерди берген уникалдуу орган экенин белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы эл менен тыгыз байланышта иштеген орган. Демек, каттоо кызматынын кызматкерлеринин маанайынан, мамилесинен элдин мамлекеттик органдарга жана түздөн-түз Өкмөткө карата пикири жаралат.

“Мамлекеттик каттоо кызматынын аткарган иши эффективдүү, процедурасы так, кандайдыр бир коррупциялык элементтер, же жарандардан бир аз акча көрүп калуу ниети болбош керектигин туюнтат”, – деди Кубатбек Боронов.

Ал Өкмөт бюрократияны жоюу, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатып боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатканын кошумчалады.

“Калк боюнча автоматташтырылган маалыматтык базалар топтолду, жарандар тууралуу так маалыматтардын сакталып калуусу камсыздалды, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери түзүлүп, алар электрондоштурулду, онлайн кызмат көрсөтүүлөрдүн саны өркүндөтүлүүдө. Калкты документтештирүүдө көптөгөн системалык көйгөйлөр жоюлду, мүмкүн болушунча ар бир жаранды биометрикалык-идентификациялык каттоодон өткөрүү жумуштары жүрүп жатат. Документтерди жасоодо жеке компанияларга болгон көз карандылык жоюлду», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Анын маалыматы боюнча, акыркы жылдары олутту иштер жасалып, алардын катарында жаңы үлгүдөгү мамлекеттик документтердин киргизилди, жаңы үлгүдөгү ID-карталарга өтүп, дүйнөлүк стандарттардын талабына жооп берген биометрикалык паспорттор бериле баштады. Бүгүнкү күндө жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Эң маанилүү аспекти, кызматтардын баасы мурдагыга салыштырмалуу бир топ арзандатылды.

Кубатбек Боронов Мамлекеттик каттоо кызматы “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна биринчилерден болуп кошулганын эске салып, бул система мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коррупциялык элементтерди азайтуу, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталганын эске салды.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, Өкмөттүн алдында даны бир катар тапшырмалар турат, алардын катарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка толук өткөрүү, “Түндүк” системасы аркылуу ишти жакшыртуу жана кагаз түрүндөгү архивдерди санариптөө.

Кубатбек Боронов Каттоо кызматынын эмгек жамааты мамлекеттик каттоо системасын андан ары өркүндөтүү, жаңы инновациялык ыкмаларды киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди ийгиликтүү чечерине терең ишенерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий