• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Мамлекеттик менчик натыйжалуу пайдаланылышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик менчик натыйжалуу пайдаланылышы керек. Бул тууралуу КР премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун 2019-жылдагы жана үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде айткандыгын, өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

«Мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүгүн арттыруу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 104 мамлекеттик ишкана бар, алардын ичинен жарымынан көбү иштейт. 52 акционердик коомдун 19у мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт. Демек, мамлекеттик баланстагы 40% объекттер иштебейт. Бул маанилүү маселеге чекит коюп, мамлекеттик менчикти башкарууну өркүндөтүүнүн айкын жана натыйжалуу механизмдерин киргизүү керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, ар бир объекттин ишмердүүлүгү каралат.

«Көптөгөн мамлекеттик ишканалар бюджетке жана экономикага киреше алып келбейт. Ошол эле учурда аларды кайра иштетүү үчүн ар кандай куралдар бар. Мисалы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. Бул аркылуу чыгашалуу ишканаларды кайрадан иштетүүгө болот, жумуш орундары түзүлөт жана салык көбөйөт, киреше түшө баштайт. Көпчүлүк ишканалардын ийгиликтүү иштөөсү жетекчиден жана жалпы менеджменттен көз каранды. Ошондуктан мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоо үчүн жер-жерлерде натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн киргизүү зарыл. Биз KPI системасы боюнча ар бир башчынын жана компаниянын ишине деталдуу талдоо жүргүзөбүз, анын жыйынтыгы боюнча аларга карата тийиштүү чаралар көрүлөт», - деп белгиледи премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий