• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боронов: Мамлекеттик органдарда «Infodocs» системасын ишке киргизүү өтө маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясынын Жол картасын жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык штабдын экинчи жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Концепциясынын иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча аткарылган иштер жөнүндө министрликтердин жана мекеме жетекчилери маалымат беришти.

«Мамлекеттик органдарда «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү маалыматтык системасын ишке киргизүү жана колдонуу, өз ара документ алмашууну камсыз кылуу өтө маанилүү. Бул «е-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу электрондук системасынын ийгиликтүү иштешине мүмкүндүк берет. Биз мындан ары да мунун бары «Түндүк» мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулат деп ишенебиз», - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери сөз сүйлөп бүткөндөн кийин, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов санариптешүү боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигине көңүл бурду.

«Биз жаңы системаны ишке киргизип жатабыз. Жарандарда мунун бары эмне үчүн жасалып жатканы туралуу маалыматы болушу керек. Ошондуктан өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана жергиликтүү элди санариптик трансформация жана санариптешүүнүн натыйжасында ачылган мүмкүнчүлүктөрдү окутуу боюнча семинарларды өткөрүү үчүн, санариптик трансформация чөйрөсүндө аймактык иновациялык борборлор түзүлөт», -деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Жыйындын соңунда мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясынын Жол картасын жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык штабдын катчылыгы менен биргеликте координациялоо боюнча жооптуу кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Маалымдама үчүн: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен бекитилген «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-беренеси ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20 буйругу менен «Жол картасы» бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы буйругуна ылайык, «Жол картасын» координациялоо ишин аткара турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн Аппараттарында, райондук жана мамлекеттик администрацияларда, шаар мэрияларында шаардык жана райондук штаюдар түзүлдү.

Жалпысынан, «Жол картасын» аткарууга быйылкы жылга тийиштүү 89 иш-чарадан 28и аткарылып, калганы жүзөгө ашырылууда.

Ошону менен бирге бүгүнкү күнгө 2106 мектеп Интернетке кошулган. Алардан 660ы - опто-волокондук байланыш линиясы аркылуу кошулган. Ал эми ар кандай зымсыз технологиялар менен кошулган 1446 окуу жайлардын 671-де иш жергиликтүү башкармалыктын өз күчү менен аткарылган. 31 мектеп болсо техникалык мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Интернетке кошулуу үчүн аталган ыкмаларды колдонууга болбойт.

Мындан тышкары, 207 айыл өкмөтү, 394 медициналык мекеме, сот органдардын 115, башкы прокуратуранын 71 жана укук коргоо органдардын 113 объектиси бүгүнкү күнү кошулган.

Пикир

Оставить комментарий