• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов «Манас» аэропортунун ички аба каттамдарын жандандырууга даярдыгы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, ички аба каттамдарын жандандырууга даярдык менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык касмыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбек Бороновго коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча аракеттердин алгоритми, аэропорттун өткөрмө пункту аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби тууралуу айтып беришти.

Алсак, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун аэробекеттер комплексинин имаратына көрсөтүлгөн күнгө билети бар жүргүнчүлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү адамдарды коштогон жактар гана киргизилет. Узатуучу жана тосуп алган жарандар үчүн аэробекетке кирүү убактылуу чектелген, алар үчүн күтүүгө өзүнчө орун даярдалган.

Аэробекеттер имаратынын кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жүк милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннелден, термометрдик көзөмөлдөн жана дене табын тепловизордук камералар менен ченөөдөн өткөрүлөт.

Сөзсүз түрдө беткап тагынып, аралыкты сактоо зарыл.

Клиникалык белгилер аныкталган шартта (жогорку дене табы, жөтөл, дем жетпөө, дем кысылуу, чыйрыгуу жана башка) ооруканага жаткырылат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр анкеталык маалыматтарды толтурушат.

Учуп келери менен жүргүнчүлөр термометрдик көзөмөлдөн өтүп, дене табы өлчөнөт.

«Ички аба каттамдарын жандандыруу инфекциянын жайылышы боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди алып келет. Ошондуктан бардык көзөмөлдөөчү органдар текшерүү алгоритмдерин так аткарып, зарыл шартта ыкчам чара көрүүгө тийиш. Келген жүргүнчүлөргө көзөмөл катуу болушу шарт. Мындан тышкары билет баасынын жогору экендиги тууралуу жарандардын кайрылуулары түшүүдө. Тармактык органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий