• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Медиктер жана волонтерлор – учурдун мыкты каармандары

Өкмөт 0

Бтшкек, 25.07.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлери жана волонтерлор – учурдун мыкты каармандары, алар бийик адамдык сапатты көрсөтүп, жалпыбызга үлгү болууда. Калкыбыз сиздердин ак ниеттик менен аткарып жаткан ишиңиздерге жана кайратыңыздарга күбө болуп, сыймыктанууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында күндүзгү стационарлардын иши менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Премьер-министр күндүзгү жана түнкү стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлери менен жолугушуп, аларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.

Эскерте кетсек, Ош шаарында коронавирус инфекциясына чалдыккандарды жана өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоо үчүн ооруканаларда 1200 орун даярдалган, ал эми күндүзгү жана түнкү стационарларда 220 керебет бар. Мындан тышкары калаа боюнча өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан 40, кычкылтек концентраторунан 330 даанасы бар.

Ошондой эле Өкмөт башчы Россия Федерациясынан Кыргызстанга келип, учурда Ош шаарында иш алып барып жаткан медицина кызматкерлери менен жолукту.

«Эпидемиологиялык абал курч болуп турган учурда кол сунуп, жардамга келгениңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңерибизге ишенем», - деди Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий