• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Медициналык жабдууларды чыгаруу маселеси колго алынууда

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда медициналык жабдууларды чыгаруу маселеси колго алынууда. Өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдагандай, учурдагы шартка байланыштуу экономиканын кээ бир тармактарынын ишин өзгөртүү, ишкерлер ишканаларын башка профилге өткөрүү менен меджабдууларды чыгаруу маселесин колго алышкан.

«Ош шаарындагы жаңы ачылган «Кыргыз унаа курулуш» заводунда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгаруу пландалган. Сыноо үчүн бирөө жасалды. Эгерде сыноодон өтсө, анда тиешелүү талаптарга жооп бере турган аппараттарды чыгарууга мүмкүн болот. Андан тышкары, «Дастан» ишканасы медицинада колдонула турган Бобров аппараттарын чыгарууну колго алды», - дейт өкмөт башчы.

Бороновдун айтуусунда, башка да ишканаларды учурда абдан керектүү болуп жаткан медициналык жабдууларды чыгарууга өткөрүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилген.

Пикир

Оставить комментарий