• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов менен Мишустин COVID-19дун жайылуусуна каршы күрөшүү чараларын талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү чаралары, вирустун таркашынын алды алуу боюнча өз ара аракеттенүү талкууланды.

Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде өз ара иштешүү боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий