• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы жаңы мектептердин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы жаңы мектептердин ачылыш аземине катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Билим күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди Өкмөттүн атынан жаңы окуу жылдын ийгиликтүү башталышы менен куттуктады.

«Жаңы окуу жылында 1 млндон ашык бала билим алуу үчүн мектепке барат. Өлкө боюнча 80 миңге жакын мугалим балдарды тартипке, улуу-кичүүнү сыйлоого жана эң негизгиси мекенге болгон сүйүүгө чакырган милдеттерин аткарууга киришти. Быйыл республика боюнча биринчи класска 156 миң бала барат, аларга жаңы жашоонун – жаңы билимдин эшиги ачылууда. Келечекте татыктуу инсан болуу үчүн мен силерге жакшы билим алууңарды каалайм», – деди Кубатбек Боронов окуучуларга кайрылып жатып.

Биринчи вице-премьер-министр өлкө Президенти быйылкы жылды бекеринен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган жок деди.

«Эгер айыл өнүксө, албетте экономика дагы өнүгөт жана биздин жарандардын жашоосу жакшы жакка өзгөрөт. Президент жана Өкмөт коюлган максатка жетүү үчүн болгон күчүн жумшап жатат. Аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнүүдө. Билим берүү тармагы боюнча айтсак, 2012-жылы билим берүүгө 21 млрд. сом бөлүнгөн болсо, акыркы 3 жылдын ичинде бул сумма 30 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч».

Муну менен катар Кубатбек Боронов ар бир баланы жеткиликтүү, сапаттуу жана заманбап билим берүү менен камсыздоо үчүн өлкө боюнча 100 обьект курулууда. Ар бир мектеп Интернетке кошулууда. Социалдык төлөм жана айлык акы, ошондой эле мугалимдердин маянасына 30% чейин көтөрүлүүдө.

Вице-премьер-министр Өкмөттүн атынан мектеп жетекчилигине компьютердик жабдуулардын топтомун алууга сертификат тапшырды.

Маалымдама: Ош облусунун Кара-Суу районундагы Стант айылындлагы Пионердин 50 жылдыгы атындагы толук эмес орто мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иши 2014-жылы башталган.

Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Живпром тилкесиндеги мектеп 275 балага ылайыкталган.

Кара-Суу районундагы Ак-Өргө айылындагы мектеп 720 окуучуга ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий