• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов ооруканаларды куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек, Ош, Нарын шаарларында курулуп жаткан үч оорукана жана өлкө аймактарындагы айрым имараттарды оңдоп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу иштеринин жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров объекттерде жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштерин каржылоо жана медициналык мекемелерди жабдуу маселелери талкууланды. Каржылоого байланыштуу маселелер чечилди.

Өкмөт башчы курулуш иштерин өз мөөнөтүндө аяктоонун жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Пикир

Оставить комментарий