• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын аймагында эмгектенген ишкерлер менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын аймагында эмгектенген ишкерлер менен жолукту жана гидроэнергетика чөйрөсүндө адистешкен «Темсан» компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул жолугушуу Анкара шаарында (Түркия Республикасы) өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк Комиссиясынын тогузунчу жыйынын жыйынтыгы боюнча болду.

Кубатбек Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын аймагында эмгектенген ишкерлер жана жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда түркиялык ишкерлерге биздин республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар айтылды.

Иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясынын мүчөлөрү – тармактык министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле «Бишкек» жана «Нарын» эркин экономикалык аймактарынын жетекчилери «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын ишкерлери менен Кыргыз Республикасында ишкердик кылуу, инвестиция тартуу жана жаңы өнөр жай аянттарын ачуу боюнча маалыматтарды жеткирүү максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гидроэнергетика чөйрөсүндө адистешкен «Темсан» компаниясынын иши менен таанышты.

Жолугушууда тараптар бул компаниянын ата мекендик гидроэнергетикалык долбоорлорго катышуу мүмкүндүгү тууралуу пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий