• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Пандемия маалында жарандардын социалдык жоопкерчиликте болуусу өтө маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Пандемия маалында жарандардын социалдык жоопкерчиликте болуусу өтө маанилүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди.

Ал ар кандай түрдөгү пандемия орто жана ири кризис болуп эсептелет, анын кесепети көп жылдарга чейин тиерин белгиледи.

Премьер-министрдин айтымында, Өкмөт бир нече багыттар боюнча күчөтүлгөн тартипте иштейт.

«Саламаттык сактоо тармагынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматтары мурдагыдан дагы күчөтүлгөн режимде иштейт. Өкмөт учурда саламаттык сактоо тутумунун материалдык-техникалык базасын, инфраструктурасын жакшыртуу боюнча олуттуу иштерди жасап жатканын баса белгилегим келет. Бирок ыкчам түрдө жүзөгө ашырылып жаткан иштер кемчиликсиз, сапаттуу бүткөрүлүүгө тийиш! Учурда курулуп жаткан ооруканалар, алынган техникалар жана аппараттар өлкөгө көп жыл кызмат кылышы керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы медицина кызматкерлери ооруну алдын алуу, аныктоо, дарылоо, калыбына келтирүү сыяктуу 4 маселеге өзгөчө көңүл буруулары зарылдыгын айтты. Ар бир пункт адам саламаттыгы үчүн өтө маанилүү.

Кубатбек Боронов мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилерин Өкмөттүн 11 артыкчылыктуу багытын ишке ашырууга жана коюлган тапшырмалар менен чараларды өз убагында аткарууга чакырды.

«Убакыт бизден бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын күч-аракеттерин максималдуу түрдө бириктирүүнү, так жана жөнгө салынган ишти, эң башкысы - конкреттүү натыйжалуу жыйынтыктарга жетүүнү талап кылат. Ар бир күн, ар бир мүнөт маанилүү. Азыркы тапта айрым мамлекеттерде коронавирус инфекциясын жугузган учурлар көбөйүп жатканын көрүп жатабыз. Биздин өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны азайган жок. Ошондуктан мен бардык жарандарыбызга жана ишкерлерге кайрылам - ар бирибиз социалдык жоопкерчиликти өз мойнубузга алалы. Өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырам. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бекем сактоо зарыл. Биз биргеликте гана бул илдетти жеңе алабыз», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий