• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов парламентте кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр тууралуу маалымат берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек 04.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-июндагы жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында катталган чыр-чатак тууралуу маалыматын укту. Маалымат алууну депутат Закир Шарапов демилгелеген.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, чыр-чатак 31-майда саат 12:45те Чечме–Булак суусуна жакын жердеги аныкталбаган тилкеде, Кадамжай районунун Чечме жана Сох анклавынын (Өзбекстан) Чашма айылынын тургундарынын ортосунда болгон. Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы бул булак кимге таандык деген талаш жаңжалга алып келген. "Ошол эле күнү тиешелүү чаралар көрүлүп, анын натыйжасында түнкү саат 11лерде абал турукташтырылды”,- деп белгиледи.Кубатбек Боронов.

Анын маалыматы боюнча, кыргыз тараптан 25 адам жабыркаган, алардын экөө оор абалда. "Жабыркагандар Айдакен шаарында дарыланып жатышат” - деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Баткен облусундагы “Чечме-Автоунаа” өткөрмө пунктунда болгон жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу да айтып берди. Бул жолугушуу 1-июнда өткөн. Анда тараптар чыр-чатакты ырбатпоо жана чек аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашкан. "20-июнда паритеттик негизде комиссиянын жыйынын өткөрүү пландаштырылып жатат. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери каралат”, - деп кошумчалады Боронов.

Жогорку Кеңештин бул маселе боюнча талкуусу өкмөттүн сунушу менен жабык эшик артында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий