• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов ПЧР-анализдер аз жасала баштады деген билдирүүлөргө түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов ПЧР-анализдер аз жасала баштады деген билдирүүлөргө түшүндүрмө берди

“Бүгүнкү күнү мурунку алгоритм менен иштегендей артынан түшүп, ооруган адам менен байланышта болду деп таап, ПЧР-анализин алуу актуалдуу болбой калды. Эгер оорунун белгилери болуп, ПЧР-анализин алуу керек болуп калса аны сөзсүз түрдө жасап жатышат. Лабораториялар мурдагыдай эле иштеп жатат. Бирок алгоритм бир аз өзгөргөн. Ага байланыштуу иштер башкача жүргүзүлүп жатат. Бирок анализ алуу азайган жок, анын жыйынтыгын чыгаруу ошондой эле жүрүүдө. Мурдагы күнкү маалымат боюнча өлкөдө 69 миң ПЧР жана 30 миңге жакын экспресс-тест бар болгон. Алар боюнча маселе жок. Бирок өткөн аптада лабораторияда иштетиле турган чыгымдык материалдар боюнча маселе чыгып, 1,5 миңге жакын анализ туруп калган. Бүгүнкү күнү ал маселени чечишти. Буйруса андай маселелер болбошу үчүн иш алынып барууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий