• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Боронов пневмониядан каза болгон жарандар алгоритмге ылайык жерге берилиши керектигин айтты

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Пневмониядан каза болгон жарандар алгоритмге ылайык жерге берилиши зарыл. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында өлкөнүн премьер-министри Кубатбек Боронов суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө өкмөт башчыга “эмнеге пневмониядан көз жумган жарандардын туугандарына аларды алып кетүүгө жана жууганга уруксат берилүүдө, аларга илдет жугуп калышы мүмкүн эмеспи” деген суроо узатылды.

“Туура. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде ушундай маселелер козголуп жатат. Кыргыздын илгерки сөөктү үйдөн чыгаруу деген салтына байланыштуу мындай талаптарды койгондор абдан көп болууда. Туугандары кайгырып турса, айрым учурда алардын кайгысына туруштук бере албай, уруксат берип койгондор дагы болуп жатат. Бирок, бул туура эмес. Коронавирус, пневмония менен ооруп, каза болгон жарандарды кандай жол менен жайына берүү боюнча атайын алгоритм бар. Жарандар ошол талаптарга ылайык жерге берилиш зарыл. Учурдан пайдаланып суранып кетет элем, калган жарандарыбызга оору жугуп калбашы үчүн, этият болуу, талаптарды аткаруу зарыл”, - деп билдирди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий