• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов пневмонияга каршы дарылардын айланасындагы ажиотаждын себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында эмнеге эң негизги, керектүү дары-дармектердин жетишсиздиги пайда болгондугун түшүндүрдү.

Ал билдиргендей, учурдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл тарабынан бардык дары-дармектер сатылып алынган.

“Бүгүнкү күндө жарандарыбыздын үйлөрүндө, мүмкүн ооруп калсам керек болот деп ашыкча алып койгон дары-дармектери турат. Ошондой эле социалдык тармактардан дагы дары-дармектердин кымбат баада сатылып аткандыгын көрүп жатабыз. Мисалга 400 сомдун тегерегинде турган дарыларды 4-7 миң сомго чейин көтөрүп жиберип жатышат. Мен айтып кетээр элем, дары-дармектерди катып коюунун эч кажети жок. Жакынкы убакта бул таңсыктыкты чечебиз”, - деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы арада дары-дармектер Иран, Индия, Кытай жана Беларустан келет. Ошондой эле Өзбекстан менен дары каражаттарын жеткирүү боюнча келишим бар.

Пикир

Оставить комментарий