• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Резервдерди мобилизациялоо жана жыйымдарды чогултуунун көрсөткүчүн жакшыртуу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Ал салык жана бажы кызматтарында резервдерди мобилизациялоо, жыйымдарды чогултуунун көрсөткүчүн жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Башында бизде бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча ушундай пландарыбыз бар болчу. Бирок COVID-19 пандемиясынан улам ага белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келди. Былтыркы жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча буга чейин кабыл алынган пландан артта калып жатабыз. Ошол эле учурда июль айынан бери бюджетти аткаруунун көрсөткүчүнүн динамикасы жакшырып жатканын белгилей кетүү керек. Учурдагы жоготууларды жабуу жана кийинки жылдын бюджетин түзүү үчүн иштерди активдештирүү зарыл», - деди Премьер-министр.

2020-жылдын июль айындагы жыйынтыгы боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуунун планы толугу менен аткарылды.

«Республикалык бюджетти толтурууда негизги милдет салык жана бажы кызматтарына жүктөлгөн. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү менен катар эле биз негизги милдеттерибизди дагы унутпашыбыз керек. Таризделбеген товарларды жана күйүүчү, майлоочу майды ташуунун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүбүз зарыл. Алар дагы эле чоң көлөмдө ташылууда. Бул өз кезегинде бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле фискалдаштыруу жана ASICUDA системаларын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди тездетүү шарт. Көпчүлүккө инфекциянын массалык түрдө жугуу коркунучун жаратпай турган экономиканын айрым тармактарынын ишин жандандыруу керек. Муну менен катар Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу маанилүү, анткени жүктөрдүн 65 пайызы ошол жактан өтөт. Товарларды импорттоо/экспорттоонун алгоритмин бекитүү боюнча кытай тарап менен иштерди тездетүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Кеңешинин соңунда Премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий