• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов Россиядагы көпүрө кырсыгынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва облусунун (РФ) Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды.

Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Муну менен катар кырсыктын келип чыгуу себебин иликтенген Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий