• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу өз натыйжаларын бере баштады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдагы иш-аракеттеринин планынын айрым багыттары жөнүндө айтып берди.

Өкмөт башчы салыктык процедураларды фискалдаштыруу долбоорунун алкагында быйылкы жылдын 1-июлунан тартып салыктык башкарууга санариптик платформаларды киргизүү процесси башталганын белгиледи.

Анын айтымында, бул долбоордун алкагында электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган система, электрондук товардык коштомо кагаздар, чекене соода кылуучу жайлардын баарына онлайн контролдук-кассалык машиналар орнотуу компоненттери киргизилген.

«Бүгүнкү күндө салык жол-жоболорун фискалдаштыруу өз натыйжаларын бере баштады деп айтса болот, – деди Премьер-министр. – Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы июль айында 6 млрд 859,1 млн сомду чогултуп, планды 109,9% аткарды, же 616,1 млн сомго көп чогултту. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 548,9 млн сомго көп салык түштү».

Кубатбек Боронов санариптештирүү багытындагы иштер толугу менен улантыларын кошумчалады.

«2020-жылдын август айынан баштан патент менен камсыздандыруу полис бир документке бириктирилди, электрондук форматка өткөрүлдү. 2021-жылы 1-январдан тартып чакан ишкерлик үчүн жаңы салыктык режим кирет: 8 млн сомго чейин жүгүртүүсү бар болсо, ишкерлер салык отчетун тапшырбайт жана биринчи иштеген жылы салыктык ставкасы 0% (нөл) болот. Бул алар үчүн чоң колдоо болот деп ойлойбуз», - деди Премьер-министр.

Ал ошондой элек бардык ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктык декларацияны толтуруу системасы жөнөкөйлөштүрүлөт, товарларды импорттоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү үчүн электрондук декларациялоо механизмдери киргизилерин айтты.

Пикир

Оставить комментарий