• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов «Санариптик КР» концепциясынын алкагында иш-чараларды аткарууну тездетүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды аткаруунун жүрүшү тууралуу кезектеги кеңешме өткөрдү.

Санариптик трансформация иш-чараларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдарды каржылоо маселеси боюнча Финансы министрлигине жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине зарыл финансы каражаттарын бөлүү боюнча тиешелүү чечим долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тез арада киргизүү тапшырылды.

Ошону менен бирге «Санариптик Кыргызстан» Концепциясынын алкагында иш-чараларды өз убагында ишке ашыруу максатында, уюштуруу техникасын сатып алуу зарылдыгынан улам «2019-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө» Мыйзам кабыл алуу учурунда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети тарабынан демилгеленген уюштуруу техникасын сатып алууга мораторийди алып салуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Боронов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине тесттик сыноолорду кыска мөөнөттө аяктоону жана кирүүчү-чыгуучу интернет трафикти эсепке алуу боюнча аппараттык-программалык комплексти киргизүүнү тапшырды.

Экономика министрлигине, Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына бул маселени жөнгө салган укуктук-ченемдик актыны бекитүү чараларын ыкчам тартипте көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары 2019-жылдын 1-июнуна чейин калган мектептерди Интернет түйүнүнө кошууну аяктоо милдеттендирилди.

«656 мектепти кошууну аяктоо мөөнөтү ар кандай себептерден улам бир нече ирет жылдырылган. Учурда мектептерди Интернетке кошууну аяктоо максаты турат. Ошол эле учурда биз бул багыттагы иштер жакшы жүрүшү керектигин көрүп турабыз. 168 мектеп Интернетке али кошула элек. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Кыргызтелеком» ААК бардык зарыл чараларды көрүүгө жана калган мектептерди белгиленген мөөнөттө кошууну аяктоого тийиш», - деди ал.

Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги «Мектеп медицинасы - IT-бейтапкана» долбоорун баштоого токтоосуз киришүүсү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыгып, ыкчам тартипте киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий