• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов санитардык нормаларды сактоону улантууга чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Акыркы күндөрү COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жана пневмониянын жаңы катталган учурлары азайып жана ооруканадан айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында КР премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, буга карабастан айрым аймактарда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Ошондой эле оорунун экинчи толкунунан абайлоо зарыл.

“Эгер санитардык нормалар сакталбаса, кырдаал кайрадан начарлап кетүүсү мүмкүн”, - деп кайрылды Боронов кыргызстандыктарга.

Ал кошумчалагандай, учурда экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү ишин жандантты.

Пикир

Оставить комментарий