• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов сырттан келген жарандарды обсервациянын шарттарына жана дарыгерлердин айткандарына баш ийүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сырттан келген жарандарды обсервациянын шарттарына жана дарыгерлердин айткандарына баш ийүүгө чакырды.

"Сырттан келип жаткан жарандарга кайрылып кетким келет, сиздерди өлкөгө алып келүү иштери тынымсыз улантылып жатат. Бул маселе эки же бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилерин билесиздер. Ошондуктан буга түшүнүү, сабырдуулук менен мамиле кылыңыздар. Бирок өлкөгө келгенден кийин медицина кызматкерлеринин сунуштары менен түзүлгөн алгоритмге ылайык обсервациядан өтүү зарыл. Обсервациянын канча күнгө созулары же анын мөөнөтү канча боло тургандыгы сырттан келе турган жарандарыбыздын жалпы акыбалына жараша болуп жатат. Акыркы түзүлгөн алгоритмдин негизинде ушундай чечим кабыл алынган. Ошондуктан шектүү деп саналган же коронавирус көп катталган мамлекеттерден келген жарандарга өлкөгө келгенден кийин обсервациянын, биздин медицина кызматкерлер койгон талапты так аткарып, ага чыдамдуулук менен мамиле кылууну суранабыз", - деди ал.

Аны менен бирге ал Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандар жаткырылган "Семетей" обсерваторунда кечээ болгон окуя тууралуу айтып өттү. Анын айтымында, Соль-Илецктен келип, обсервацияда жаткан жарандардын арасында нааразы болгондор чыгып, медицина кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын кызматкерлерине баш ийбей бизди чыгаргыла деген талаптарды коюшкан. Алардын арасынан анализдери таза чыккан жарандар үй карантинине чыгарылган. Боронов билдиргендей, жарандар ызы-суу чыгарганы үчүн эмес, алгоритмге ылайык чыгарылган.

"Бул боюнча массалык маалымдоо каражаттарында кызуу талкуу болду. Өкмөттүн, Республикалык штабдын дарегине бир топ сын-пикирлер айтылды. Ал сын-пикирлердин баарын түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок, бул жерден тактап айтып койчу нерсе, Соль-Илецктен келип, обсервацияда жаткан жарандарыбыздын талабы менен эле аларды обсервациядан чыгаруу маселеси чечилген жок", - деп, обсервациядагы жарандар алгоритмге ылайык, анализдери таза чыккандан кийин үй карантинине чыгарылганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий