• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун Казарман – Жалал-Абад участогунун жана Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Участоктун узундугу Көк-Арт ашуусундагы тоннелди кошкондо 138,5 чакырымды түзөт.

Курулуштун жалданма компаниясы «Чайна Роад энд Бридж Корп.» болуп саналат.

Учурда долбоордук тилкелерде толук масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө. Долбоор башталгандан 2019-жылдын июнуна чейин 108 чакырымга астыңкы катмар жана 102 километрге үстүңкү катмар асфальт-бетон төшөлгөн.

Тоннелдин жалпы узундугу 3890 метр, туурасы 10,6 метр, бийиктиги 9,4 метр. Бүгүнкү күндө түштүк порталдан 863 метр, түндүк порталдан 1436 метр өтмөк казылган. Каптал беттеринин курулушу түштүк тараптан 1039 метрди жана түндүктөн 1729 метрди түзөт.

2019-жылы каптал беттерин куруу иштери аяктайт, тоннелдин өтмөгүн казуу иштери быйыл 700 метрге чейин бүткөрүлөт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тоннелдин курулушун жаңыланган иш графигин эске алуу менен белгиленген мөөнөткө аяктоону тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, «Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу 1-фаза» долбоорун деталдуу иштеп чыккан соң Казарман – Жалал-Абад участогунда 291 чакырымдан 433 чакырымга чейин башка каралбаган иштер кошулган.

Сузак районунун жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, коопсуздукту камсыздоо үчүн Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан айланып өтүү варианттары иштелип чыккан. Буга байланыштуу донордук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий