• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов «Түндүк» тутумун ишке киргизүү алкагында маморгандарга кыска мөөнөттө алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун киргизүү алкагында Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базасын иштеп чыгуу планын аткаруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күндө «Тундук» Интернет-сайты иштелип чыккан, анда тутумдун катышуучулары бардык кызыктырган суроолорго жооп ала алышат. Буга катар мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна кошулуусунун жүрүшү чагылдырылууда. Мындан тышкары, «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан бардык мамлекеттик органдарды консультациялык жана техникалык жактан колдоо ишке ашырылууда.

«Түндүк» электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ишке киргизүү маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат. Биз мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын бардык маалыматтык ресурстарына бирдиктүү жеткиликтүүлүктү түзүү менен тейлөө көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө умтулуудабыз. Буга байланыштуу жалпы мамлекеттик органдардын жетечилери бул багыттагы ишти бекитилген планга ылайык, өз мөөнөтүндө жана активдүү жүргүзүүсү тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө Планды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын отчеттору угулду, анда бир катар министрликтердин жана ведомстволордун аны өз мөөнөтүндө аткарбагандыгы аныкталган. Ошону менен бирге «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» МИ жүргүзгөн талдоонун мамлекеттик органдар тарабынан сунушталуучу жана суралуучу маалымдамалар тууралуу жыйынтыктары сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди, тагыраагы кыска мөөнөттө алардын алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууну тапшырды.

Бир нече министрликтер жана ведомстволор эки жумалык мөөнөттө Планда көрсөтүлгөн маалыматтар базасын киргизүүгө жана аны «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» МИ жөнөтүүгө тийиш. Мындан тышкары такталбаган жана берилбеген маалымдамалар боюнча сунуштарды жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле ачыктыкты арттыруу жана акы төлөнүүчү тейлөө кызматтары менен акылуу негиздеги маалымдамалар үчүн дүмүрчөк талап кылууну жоюу үчүн мамлекеттик төлөм шлюзуна кошулуу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий