• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов:Түрк тарап Дача-Суда жабыркагандарга компенсация төлөп берет

Кырсык 0

Бишкек, 17-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Түркиянын «ACT Airlines» компаниясы 2017-жылдын 16-январындагы Дача-Суда жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө август айына чейин компенсация төлөп берет. Бул тууралуу журналисттерги ӨКМ министри Кубатбек Боронов билдирди.

“Өкмөттүн түрк тарап менен келишими бар, ал жабыркагандарды жана түрк тарапты да канааттандырат. Жакшы каражат бөлүнөт, бирок азырынча канча сумма жөнүндө сөз болуп жатканын айта албайбыз”,-дейт Боронов.

Ошондой эле, ӨКМ башчысы жабыркагандарга чогулган 102 млн сом толугу менен бөлүнүп берилгенин кошумчалады.

“Өкмөттүк комиссиянын курамына каргашалуу кырсыкта каза болгондордун жакындары дагы кирген. Биздин маалымат боюнча айрымдары бөлүнгөн каражатка батир сатып алды”,-деди ӨКМ министри.

Эскерте кетсек, 16-январда Бишкеке жакын жайгашкан жерде авиакырсык катталган. Гонконг-Бишкек-Стамбул маршруту менен келаткан “Boeing” 747-412 учагы “Манас” аэропортуна коно албай ага жакын жайгашкан Дача-Су айылынын үстүнө кулаган. Кырсыктан экипаждагы 4 адамды кошкондо жалпысынан 39 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий