• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов түшүм жыйноону өз мөөнөтүндө жыйынтыктоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 2018-жылкы жыйым-терим маселеси боюнча селектордук кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Айыл чарба өлкө экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп саналат. Акыркы жылдары Өкмөт агроөнөр-жай комплексин колдоо боюнча активдүү саясат жүргүзүүдө. Алсак, фермерледи суу, үрөн, жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан аталган багыттагы иштер өз учурунда аткарылууда», – деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күнү республика боюнча түшүм жыйноо иши 80% га жыйынтыкталган.

«Буга катар күзүндө 154,1 миң га жерге күздүк эгин себилет. Муну эске алуу менен, даярдык иштерин өз учурунда жүргүзүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн маселесин ждеринде чечүү менен керектүү шарттарды түзүү зарыл. Берилген отчетторго ылайык, 2017-жылга салыштырмалуу быйыл өсүмдүктөрдүн түрү көбүрөөк өстүрүлгөн. Мындан ары карай өсүмдүктөрдүн кандай түрүн өстүрүү боюнча натыйжалуу сунуштарды даярдоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчтөндүрүү керек», – деди Кубатбек Боронов.

Селектордук кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жеңилдетилген айыл чарба кредиттерин бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурду.

«Өлкөдөгү эпизоотикалык абалды туруктуу деп айтууга болот. Ошону менен бирге тийиштүү мамлекеттик органдар эпизоотикалык абалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүлөрү жана бардык зарыл алдын алуу чараларын кабыл алуулары тийиш», – деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

«Биз жерлерди трансформациялоо айыл чарба багытындагы жерлерге үйлөрдү куруп алган жарандардын социалдык маселелерин чечүүнү шарттайт деп ишенебиз. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдары тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте муктаж жарандар жерге укуктарын өз убагында жана кыйынчылыксыз мыйзамдаштыруулары үчүн трансформацияланган жер тилкелерине документтерди алуу процессине көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш», – деп жыйынтыктады ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов түшүм жыйноону өз убагында, жоготууларды азайтуу менен аяктоону, ошондой эле талаа иштерин өз убагында жүргүзүү максатында дыйкандарды зарыл техника, күйүүчү-майлоочу материалдар жана үрөн менен камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий