Боронов Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбек Боронов Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошконун эске салып, экономикалык, социалдык жана маданий фундаментин түзүп кеткенин баса белгиледи.

«Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон таасири баа жеткис. Чыгаан инсандын өмүрү жана ишмердүүлүгү бардыгыбыз үчүн үлгү болуп саналат. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүндө чыныгы мекенчил жана анык мамлекеттик ишмер катары элине кызмат өтөдү. Дүйнөдө Сингапурдун чыныгы улут атасы Ли Куан Ю болсо, биздин өлкөбүздө чыныгы «улут атасы» деп Турдакун Усубалиевди атагыбыз келет», – деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, Турдакун Усубалиевичтин убагында салынган чоң-чоң имараттарды, мисалы Улуттук илимдер академиясын, Ак үйдү, драма театрларды, Улуттук китепкананы, «Айчүрөк» соода борборун, цирктин имаратын азыр да колдонуп келе жатабыз.

«Турдакун Усубалиев жетектеген мезгилди мамлекетибиздин тарыхындагы өзүнчө бир доор десек жарашат. Ал жылдары республикада өнөр жай, айыл чарба тармагы өнүгүп, ГЭСтер курулуп, азыркы гидроэнергетиканын негизи түптөлгөн. Ошондой эле билим берүү, илим жана маданият тармактарында алгылыктуу ийгиликтер жаралган. Усубалиев элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору койгон жана анын бул сапаты биз үчүн үлгү болуш керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.

Уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат.

Пикир

Оставить комментарий