• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов Ташкентте Борбор Азия экономикалык форумунун жыйынына катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Борбор Азия экономикалык форумунун (БАЭФ) пленардык жыйынына катышууда.

Кубатбек Боронов өз сөзүндө белгилегендей, биздин алдыбызда өлкөлөрбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарын жаңы деңгээлге чыгаруу милдети турат.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык потенциал толук кандуу пайдаланылбай жатканын эске алуу менен товар жүгүртүүнүн көлөмү көптөгөн жылдар бою жетишсиз жогорку деңгээлде калууда. Бул өңүттөн алганда бүгүнкү Форум Борбор Азия аймагында соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында «акыл чабуулу» үчүн жакшы аянтча болуп саналат. Ага тараптардын мамлекеттик органдарынын гана эмес, бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн катышып жатканы кубандырат», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов баса көрсөткөндөй, Форумдун алкагында өткөрүлгөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациялык биржа жана товар өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү сыяктуу иш-чаралар маанилүү болуп саналат.

«Мамлекеттик бийлик жана бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн ортосундагы ачык диалог жана конструктивдүү пикир алмашуулар биздин өлкөлөрдүн жана бүтүндөй аймактын гүлдөп-өсүүгө жана бакубатчылыкка бирдиктүү умтулуусун ырастайт. Форумдун темасы кыйла актуалдуу – «Борбор Азиялык кооперация – өз ара пайдалуу өнүгүүнүн келечеги», ал калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана аймакта туруктуулукту чыңдоо үчүн биздин өлкөлөр ортосундагы аймактык экономикалык кызматташууну келечектүү тереңдетүү зарылдыгына муктаждык өсүп жатканын чагылдырат», – деди ал.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр кооперациялык байланыштарды инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү, продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу эки өлкөнүн экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүүдө негизги мааниге ээ экендигине көңүл бурдурду. Кыргыз тарап ички аймактык сооданы бекемдөө жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымына тоскоолдуктарды кыскартуу маселелерине басым жасоого чакырат. Борбор Азияда өндүрүлгөн товарлар алыскы чет өлкөлөрдөн ташылган импорттук продукцияларга салыштырмалуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын базарларында артыкчылыкка ээ болууга тийиш.

«Биз эки республиканын артыкчылыктарын пайдаланып биргелешкен ишканаларды түзүүнү, транспорттук коридорлорду, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү маселелерин иштеп чыгууну, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзиттик ташууларды камсыздоо үчүн биздин өлкөлөрдүн чек арасындагы инфраструктураны модернизациялоону сунуштайбыз. Белгилей кетсем, Кыргызстан ЕБ алкагында Жалпы жеңилдиктер тутумунун (ВСП+) макамына ээ, бул бизге Кыргызстанда биргелешип өндүрүлгөн продукцияны Европа өлкөлөрүнө бажы алымдарсыз, ошондой эле кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөн процедуралар боюнча экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары биздин республиканын эркин экономикалык аймактары Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес түзүмдөрү менен кызматташууга даяр», – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле түз инвестицияларды тартуу жаатында Борбор Азиянын потенциалын баса белгиледи, ал Бостон Консалтинг Групп инвестициялык баяндамасына ылайык, 170 млрд АКШ доллары өлчөмүндө бааланат. Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрү – бул мүмкүндүктөрү көп бир аймак.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосунда туризмдин өнүгүүсүн активдүү колдойт жана биргелешкен туристтик пакеттерди түзүү боюнча кызматташууну сунуштайт.

Сөзүнүн соңунда биринчи вице-премьер-министр Форумдун алкагындагы талкуулардын жүрүшүндө аларды ишке ашыруу боюнча конструктивдүү сунуштар иштелип чыгып, жаңы ишмердик байланыштардын түзүлүшүнө, ошондой эле жаңы идеялардын жана келечектүү масштабдуу долбоорлордун сунушталышына ишеним билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү менен кыйла тыгыз кызматташууга даяр.

Маалымдама: 15-мартта Борбор Азия өлкөлөрү – Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын премьер-министрлеринин орун басарларынын катышуусунда Биринчи Борбор Азия экономикалык форуму өтүп жатат. Күн тартибинде инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, аймактык сооданы өбөлгөлөө, туристтик жагымдуулукту арттыруу, транспорттук жана транзиттик потенциалды өстүрүү маселелерин талкуулоо каралган.

Пикир

Оставить комментарий