• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов токой чарба тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов токой чарба тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Токой кызматкерлеринин күнү менен менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди Кыргыз Республикасынын Токой кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Сиздер республикабыздын токой байлыктарын сактоо жана калыбына келтирүү сыяктуу ардактуу иштерди аркалап келе жатасыздар. Анткени токой – адамзаттын жашоосун камсыз кылып турган табигый өзөк, адамдын жашоосунда токойдун маани-маңызы күн сайын өсүп бара жатат. Табигый байлыктарды сактап жана көбөйтүү, өзгөчө токой экосистемасына көңүл буруу – республикабыздын ар бир жаранынын милдети болуп эсептелет.

Токой чарбасынын кызматкерлерине токойлорду сактоо, жалпы курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча абдан жооптуу тапшырма берилген. Токой фондун сактоо жана кеңейтүүнүн негизги аспектилери жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук стратегияда, Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейинки стратегиясында көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик бюджеттин тартыш экендигине карабастан, токой чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлери жыл сайын 1500 гектардай аянтка 20 миллиондой көчөттөрдү отургузуп, мындан башка токойлорду сактоо менен коргоодо жана өсүмдүктөр дүйнөсү менен жаныбарлар дүйнөсүнүн көбөйүшүнө эбегейсиз салым кошуп келишээрин айтпай коюуга болбойт.

Токойду сактоо кызматынын түптөлүшүнө дүйнө жүзү боюнча токой массивдерин коргоону көздөгөн эл аралык уюмдар бир топ көмөк көрсөтүп жатышат. Кыргызстанда да ушундай бир нече пилоттук долбоорлор иш алып барууда. Алар токойлордогу био ар-түрдүүлүктү сактоо, токой ресурстарын башкарууда инновациялык ыкмаларды киргизүү, ошондой эле кургакчыл аймактарда айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы технологияларын киргизүү жана башка иштер боюнча эмгектенип келишет. Мындан тышкары, өлкөбүздүн түштүгүндөгү байыркы жаңгак токойлорун сактоо жана көбөйтүүгө өзгөчө маани берилип жатат.

Токойлордун продуктивдүүлүгүн жогорулатууда аларды зыянкечтерден жана оорулардан коргоо маселеси негизги орунда турат. Ошондой эле токойлорду өрттөн жана башка ар кандай бузуулардан сактоого чоң көңүл бурулууда.

Ушул майрам күнү тармакта эмгектенген ар бир кызматкерге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт, оптимизм, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалайм!

Пикир

Оставить комментарий